Жаш жана улгайган курактагы бейтаптардагы жүрөк кемтиктеринин клиникалык өтүшүнүн өзгөчөлүктөрү

Авторы

  • Дарыгул Кубанычбековна Исраилова Ош мамлекеттик университети
  • Карина Курманбековна Акылбекова Ош мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.3.1

Ключевые слова:

жүрөк кемтиктери, жаш бейтаптар, улгайган бейтаптар, клиникалык өтүшүү, татаалдашуулар

Аннотация

Бул илимий-изилдөө иши жаш жана улгайган бейтаптарда жүрөк кемтиктеринин өтүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган. Теманын актуалдуулугу жүрөк кемтиктеринин кеңири таралгандыгы, алардын жашоо сапатына тийгизген таасири жана оорунун татаалдашууларынын пайда болуу коркунучу менен шартталат. Бул изилдөөнүн максаты – оорунун клиникалык жүрүшүндөгү жаш курактык айырмачылыктарды аныктоо. Иште жүрөк кемтиги бар 200 бейтаптын оору тарыхы талданып, алар эки топко бөлүндү: жаштар (18–40 жаш) жана улгайгандар (60 жаш жана андан жогору). Жүрөк кемтиктеринин түрлөрү, негизги даттануулар, ЭКГ жана ЭхоКГ маалыматтары, татаалдашуулардын жыштыгы жана дарылоо ыкмалары изилденди. Жаш бейтаптарда оору көбүнчө компенсацияланган формада өтөрү, ал эми улгайган бейтаптарда белгилердин күчтүүлүгү, татаалдашуулар жана оор өтүшү көбүрөөк кездешери аныкталды. Жыйынтыгында изилдөөдө алынган маалыматтар оорунун клиникалык жүрүшү бейтаптын жашына түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөттү. Жаш адамдарда жүрөк кемтиги көбүнчө компенсацияланган абалда, салыштырмалуу туруктуу гемодинамика жана жеңил белгилер менен өтөт. Ал эми улгайган бейтаптарда декомпенсация басымдуулук кылып, бул жүрөктүн компенсациялык мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү жана кошо жүрүүчү оорулардын болушу менен байланыштуу. Ушуга байланыштуу, жаш курактагы бейтаптарда жүрөк кемтиктерин эрте аныктоо оорунун өрчүшүн алдын алуу үчүн сунушталат.

##submission.citations##

Бокерия Л.А., Гудкова Р.Г. (2019). Болезни сердца и сосудов. Руководство для врачей. — Москва: ГЭОТАР-Медиа,

Ивашкин В.Т., Маев И.В. (2020) Внутренние болезни. Учебник для медицинских вузов. — Москва: ГЭОТАР-Медиа.

Мухин Н.А., Моисеев В.С. (2018). Пропедевтика внутренних болезней. — Москва: ГЭОТАР-Медиа.

Белов Ю.В. (2021). Кардиология: национальное руководство. — Москва: ГЭОТАР-Медиа,

Клинические рекомендации по диагностике и лечению пороков сердца. — Министерство здравоохранения РФ, 2022.

Otto C.M., Bonow R.O. Valvular Heart Disease. In: Braunwald’s Heart Disease: A Textbook of Cardiovascular Medicine. — Philadelphia: Elsevier, 2020.

Carabello B.A., Paulus W.J. (2019) Aortic stenosis. — Lancet.

Baumgartner H. (2021) et al. ESC Guidelines for the management of valvular heart disease. — European Heart Journal.

Султанов, Н. Э. Возрастные и гендерные особенности диагностики, течения ишемической болезни сердца и медикаментозная терапия / Н. Э. Султанов, Н. Д. Суюнов // Вестник Ошского государственного университета. – 2024. – № 3. – С. 34-46. – DOI 10.52754/16948610_2024_3_4. – EDN BTSQMV.

##submission.downloads##

Опубликован

2026-06-03

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##