Советтик Кыргызстандагы гендердик саясаттын эволюциясы: тарыхый талдоо

Авторы

  • Айназик Кубанычовна Кушбакова Ош мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.2.12

Ключевые слова:

Кыргызстан, советтик доор, гендердик саясат, эмансипация, «Хужум», Женотдел, аялдардын билим алуусу, саясий квоталар

Аннотация

Макалада советтик бийлик мезгилиндеги (1917-1991-жж.) Кыргызстандагы гендердик саясаттын калыптанышы жана өнүгүү этаптары комплекстүү каралат. Автор тарыхый булактарга таянуу менен аялдардын коомдук статусунун өзгөрүшүн, Орто Азиядагы «Хужум» өнөктүгүнүн кыргыз коомуна тийгизген таасирин жана аялдардын боштондукка чыгуу процессин талдайт. Мындан тышкары, согуш жана согуштан кийинки калыбына келтирүү жылдарындагы аялдардын социалдык-экономикалык ролу, алардын өндүрүштөгү жана маданияттагы орду тарыхый фактылар менен далилденет. Советтик гендердик моделдин маанилүү жетишкендиктери катары жалпы билим берүү жана саясий катышуу деңгээлинин өсүшү белгиленет. Ошону менен бирге, изилдөөдө аялдардын турмушундагы «кош жүктөм» феномени сыяктуу карама-каршылыктуу маселелерге илимий баа берилет. Изилдөөнүн жыйынтыгында советтик тажрыйбанын бүгүнкү күндөгү гендердик теңчиликти камсыздоодогу мааниси тууралуу корутундулар чыгарылат.

##submission.citations##

Бектурганова К.А. Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 416 б.

Болжурова И.С. С. Б. Бегматова – жизнь, отданную народу // Информационно-аналитический журнал. – 2014. – №4 (04). – С. 6-15.

Керимбаев С.К. Советский Киргизстан в Великой Отечественной войне 1941–1945 гг. – Фрунзе: Илим, 1985. – 315 с.

Личность Кыргызстана: Легендарная жизнь сильной женщины Кулийпы Кондучаловой // Limon.kg: [Электрондук ресурс]. – URL: https://limon.kg/ru/news:68415 (дата обращения: 11.05.2024).

Максытова Н. Уркуя Салиева жөнүндө фактылар // Sputnik Kyrgyzstan: [Электрондук ресурс]. – URL: https://sputnik.kg/20170408/urkuya-salieva-tuuraluu-15-fakty (дата обращения: 11.05.2024).

Сборник документов по истории советского законодательства в Киргизии (1917–1924 гг.). – Фрунзе: Кыргызстан, 1974. – 240 с.

Татыбекова Ж.С. Женщины Советского Киргизстана в борьбе за социализм и коммунизм. – Фрунзе: Илим, 1982. – 250 с.

Татыбекова Ж.С. Раскрепощение женщины-киргизки Великой Октябрьской социалистической революцией (1917–1936 гг.). – Фрунзе: Изд-во АН Кирг. ССР, 1963. – 158 с.

Ашимов А.Ж. (2026). 1930-жылдардагы Кыргызстанда кулактарды тап катары жоюу саясатынын ишке ашырылышы жана өзгөчөлүктөрү. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, №1, бб. 81-89. doi: 10.65469/eijournal.2026.1.10

##submission.downloads##

Опубликован

2026-05-14