Окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштурууда булут технологияларынын ролу
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.4.15Ключевые слова:
булут технологиясы, өз алдынча ишмердүүлүк, санариптик билим берүү, онлайн платформа, онлайн окутууАннотация
Илимий макалада окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштурууда булут технологияларынын ролу комплексттүү талданат. Замандын талабына ылайык билим берүү системасында санариптик технологияларды колдонуу актуалдуу болуп саналып, окуу процессинин мазмунун жана формасын өзгөртүп, окуучулардын активдүүлүгүн арттырууга багытталган жаңы ыкмаларды талап кылууда. Бул макалада билим берүү процессинде булут технологияларын колдонуу аркылуу окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселеси каралат. Изилдөөнүн жүрүшүндө булут технологияларын колдонуу окуучулардын өз алдынча билим алуу, маалымат издөө жана топто кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүргөнү аныкталып, эксперименттин жыйынтыктары окуу мотивациясынын жана билим сапатынын жогорулаганын көрсөттү. Булут технологиялары окуучулардын маалымат менен өз алдынча иштөөсүнө, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Изилдөөдө булут технологияларынын теориялык негиздери, артыкчылыктары, алардын билим берүү тармагындагы дидактикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана педагогикалык мааниси каралат.
##submission.citations##
Иванов И. И. Информационные технологии в образовании. – Москва: Просвещение, 2020. – 256 с.
Бийбосунов Б.И., Бексултанов Ж.Т., Курманбек уулу Т. Билим берүүдө маалыматтык технологиялар. – Бишкек: Кут-Бер, 2020. – 220 б.
Садыкова А.А. Санариптик билим берүү негиздери. – Бишкек: Турар, 2021. – 180 б.
Санариптик билим берүү ресурстары: окуу-усулдук колдонмо. – Бишкек, 2021. – 150 б.
Cloud Computing негиздери. – Москва: Инфра-М, 2019. – 240 с.
Mell P., Grance T. The NIST Definition of Cloud Computing. – Gaithersburg, MD: National Institute of Standards and Technology, 2011. – 7 p.
UNESCO. Digital Education Transformation Report. – Paris: UNESCO Publishing, 2022. – 118 p.
Аркабаев, Н. К. Оптимизация складского учета с использованием технологий Интернета вещей и платформы.NET / Н. К. Аркабаев, А. С. Орозбаева, Т. А. Наралиев // Вестник Ошского государственного университета. – 2024. – № 4. – С. 150-163. – DOI 10.52754/16948610_2024_4_16. – EDN IORHBN.
Асилбеков, Т. М. Электронный документооборот в высших учебных заведениях Кыргызской Республики: современное состояние и Перспективы развития / Т. М. Асилбеков, О. Р. Имаралиев // Вестник Ошского государственного университета. – 2025. – № 2. – С. 109-121. – DOI 10.52754/16948610_2025_2_10. – EDN MIQPCZ.







