Кыргыздын чен бирдиктери математикада

Авторы

  • Гульниса Маматкадыровна Борбоева Ош мамлекеттик университети
  • Батма Ибираим кызы Ош мамлекеттик университети
  • Мансурбек Дусматов Ош мамлекеттик университети
  • Нуриза Равшан кызы Ош мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.4.14

Ключевые слова:

улуттук чен бирдиктери, кыргыз элинин мурасы, математика окутуу, өлчөө бирдиктери

Аннотация

Бул макалада кыргыз элинин салттуу чен бирдиктеринин тарыхый, маданий жана педагогикалык мааниси кеңири талдоого алынат. Кыргыз эли көчмөн турмушта узундук, аралык, салмак, көлөм жана убакытты аныктоодо өзүнө мүнөздүү улуттук чен бирдиктерин колдонуп келген. Убакыттын өтүшү менен мындай чен бирдиктердин көпчүлүгү колдонулбай, акырындык менен элдин эсинен чыгып бара жаткандыктан, аларды билим берүү процессине киргизүү актуалдуу маселе болуп саналат. Макалада “карыш”, “кулач”, “ат чабым”, “күнчүлүк жер” сыяктуу чен бирдиктеринин мазмуну жана колдонулушу мисалдар аркылуу түшүндүрүлөт. Ошондой эле бул чен бирдиктерин математика сабагында пайдалануу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга көмөк көрсөтөрү белгиленет. Мындан тышкары, улуттук чен бирдиктерин окутуу аркылуу окуучулардын этномаданий түшүнүгү кеңейип, ата-бабалардан калган мурастарды сактоого болгон жоопкерчилиги калыптанат.

##submission.citations##

Матикеев К. Кыргыздардын тарыхый географиясы. – Ош: ОшМУ басмасы, 2003. – 136 б.

Матикеев К. Кыргыз, Манас тарыхы. – Бишкек: Учкун, 2012. – 256 б.

Асанов Ү.А. Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. – Бишкек: Башкы редакция, 2007. – 808 б.

Абдрахманов А. Кыргыздардын материалдык маданияты жана турмуш-тиричилиги. – Бишкек: Илим, 1997. – 214 б.

Карасаев Х. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. – Бишкек: Шам, 1996. – 728 б.

D’Ambrosio U. Ethnomathematics: Link between Traditions and Modernity. – Rotterdam: Springer, 2001. – 308 p.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Т. 3. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1982. – 640 б.

Асанканов А.А. Кыргыздардын салттуу маданиятындагы математикалык билимдер. – Бишкек: Кыргызстан, 2008. – 112 б.

Бурбаев А.А. Этноматематика: теория и методика преподавания. – Бишкек: КРСУ, 2017. – 180 с.

Степанова Г.С. Меры длины и веса в традиционной культуре народов Центральной Азии. – М.: Наука, 2005. – 224 с.

Салиева Г. (2025). Кыргыздардын календардык түшүнүктөрү. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 2(2), бб. 16-23. DOI: 10.65469/eijournal.2025.2.3

##submission.downloads##

Опубликован

2026-06-28